Кыргызстанда Мульти-диагностикалык комплекс иштей баштагандан бери 201 миң кичи операциялар жасалды

 Кыргызстанда Мульти-диагностикалык комплекс иштей баштагандан бери 201 миң кичи операциялар жасалды

Кыргызстанда Мульти-диагностикалык комплекс ишин баштагандан бери алыскы аймактын тургундарына 201 миң 785 кичи операциялар жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарында калкка медициналык жардамды мобилдүү мульти-диагностикалык комплекс көрсөтүп, тейлеп келет. Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан каржыланган “Нормека” мобилдик клиникасы бардык адистер менен толук камсыз болуп, 8 фурадан турат. Анда калк гинеколог, офтальмолог, отоларинголог, невропатолог, кардиолог, уролог, хирург, стоматолог сыяктуу кууш адистиктеги адистерден кеңеш ала алышат. Ошондой эле УЗИ, рентген, компьютердик томография аппараты жана маммограф аппараттарында текшерүү да каралган. Лабораториялык кызматтар да бар.

Мультидиагностикалык көчмө клиника Саламаттык сактоо министрлигине оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берип келет. Ал өз ишин 2021-жылдын 17-ноябрында Кемин районунан баштап, андан ары Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында медициналык жардам көрсөттү.

Алар 2021-жылдын 17-ноябрынан 2022-жыл 21-мартка чейин Чүй облусунун Кемин районунда (125 күн) болушкан. Бейтаптардын саны 8627, берилген кеңештердин жалпы саны 21151, жалпы лабораториялык-аспаптык текшерүүнүн жалпы саны 14515, жасалган операциялардын жалпы саны 6836.

2022-жылдын 30-марттан 1-июлга чейин (94 күн) Ысык-Көл облусунун Түп районунда медициналык кызмат көрсөтүштү. Жалпы кеңеш берүүлөрдүн саны 37520, текшерүүлөрдүн саны 15532, операциялардын саны – 21988

2022-жылдын 18-июлунан 21-сентябрына чейин алар Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болуп, текшерүүлөрдүн жалпы саны 9026, кеңеш берүүлөрдүн саны 39874, текшерүүлөрдүн саны 27396 түздү.

30-сентябрдан 10-октябрга чейин техникалык тейлөөдө болду. 2022-жылдын 17-октябрынан 3-мартына чейин Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында кызмат көрсөттү. Кеңеш берүүлөрдүн саны 73 221, текшерүүлөрдүн саны 23 036, операциялардын саны 50 185.

2023-жылы 22-марттан 23-июнга чейин Ош облусунун Алай районунда кызмат көрсөттү. Кеңеш берүүлөрдүн саны 56975, текшерүүлөрдүн саны 15682, операциялардын саны 41315.

2023-жылдын 10-июлунан 14-октябрына чейин Жалал-Абад облусунун Аксы шаарында жайгашып, калкты медициналык түйлөөдөн өткөрдү. Кеңеш берүүлөрдүн саны 54031, текшерүүлөрдүн саны 1685, операциялардын саны 37177.

2023-жылдын 23-октябрынан 30-ноябрына чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында медициналык кызмат көрсөттү. Адистер тарабынан кеңеш берүүлөрдүн саны 25465, текшерүүлөрдүн саны 8584, операциялардын саны 16888.

2021-жылы адистер (жалпы практикалык врач, кардиолог, хирург, гинеколог, ЛОР, окулист) тарабынан 4970 кеңеш берилсе, 2022-жылы 50873 кеңеш берүү, 2023-жылы 40843 кеңеш берилди.

Мульти-диагностикалык комплекс төмөнкү лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөр жүргүзүлөт: УЗИ, КТ, маммография, рентгенография, лабораториялык кызматтар, экспресс-тесттер, көзгө кичи операциялар.

2021-жылы жасалган лабораториялык жана аспаптык текшерүүлөрдүн жалпы саны 6635, 2022-жылы – 136417, 2023-жылы -136256, ал эми операциялардын саны 201 785ти түздү.

Маалымат үчүн: Мультидиагностикалык комплекс жогорку технологиялык текшерүүлөрдүн комплексинен өтүүгө мүмкүнчүлүгү ар дайым эле боло бербеген айыл жергесиндеги жашоочуларга баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө багытталган. Облус тургундарын медициналык кароодон өткөргөн бардык медициналык кызматкерлер ата мекендик адистерден турат.

Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында ИӨБ мобилдик клиниканын ишин тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, текшерүү лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникаларга калкты ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да кирет.

Связанный пост