Нарын облусунда 2023-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-февралда Нарын облустук коллегиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жыл ичиндеги жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга милдеттер белгиленди. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Коллегиянын отурумуна КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, КР Президенттик Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Камчыбек Кускаков, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана коллегия мүчөлөрү, райондордун, шаардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары катышты.
Коллегияда Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов жыл ичинде ийгиликтүү ишке ашкан 3 пилоттук долбоор жана 2024-жыл үчүн пландалган иштер тууралуу маалымат берди.
Облус жетекчиси белгилегендей, 2023-жылы Нарын облусунун экономикасын көтөрүү максатында Административдик территориалдык реформа жана Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен ишке ашкан “Ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу” долбоорлору ишке ашты. Ушул 2 долбоорду жүзөгө ашырууда үчүнчү пилоттук долбоор катары ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын структурасына өзгөртүү киргизилип, штаттык жаңы түзүм менен иш алып барылды.
АТРдин натыйжасында 63 айыл аймагы бириктирилип, 27 айыл аймагы түзүлдү. 113 млн сом акча каражыт үнөмдөмдөлдү. 27 айыл өкмөткө Президентибиз тарабынан Нива үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар жана 10 миллион сомдон каражат берилди. АТРдин жыйынтыгы менен жыл башында жергиликтүү бюджет 1 млрд сом болсо, бүгүнкү күндө 1,5 млрд.га жетти.
АТРге удаалаш Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен ишке ашкан экинчи пилоттук долбоордун натыйжасында жайыттарды, ичүүчү, сугат сууларын пайдалануу жана тазалыкты башкаруу коомдук уюмдардан айыл өкмөттөрүнө өткөрүлүп, бул тармактарды тейлөөгө буга чейин 24 миллион сом жумшалса, 2023-жылы 110 миллион сом план коюлуп, 112 млн 200 миң сом жергиликтүү бюджетке толугу менен түшүрүлүп, план 101,4 % аткарылды. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында 27 айыл аймагына 27 муниципалдык ишкана түзүлүп, мамлекет тарабынан берилген 270 млн сомго муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо үчүн 42 айыл чарба техникалары сатылып алынып, 2 кызмат көрсөтүү комплекси, 3 өндүрүш ишканасы ачылды.
Облус жетекчиси 2024-жылы ушул долбоорлорду улантуу менен бирге “Датка-Кемин-Нарын-Топугарт-Кытай” 500 килловольттук электр линиясын куруу долбоорун баштоо; Нарын шаарын өнүктүрүү максатындагы «Нарын – реновация» долбоорун ишке ашыруу; Өнөр жай тармагында 2024-жылы региондук дүң продукциянын көлөмүн 32 миллиард сомго, өнөр жай продукциясынын көлөмүн 4 миллиард 827,1 миллион сомго жеткирүү; 100 жаңы ишкана ачып, 1000 жумуш орундарын түзүү; тике чет өлкөлүк инвестициянын көлөмүн 4 миллиард 500 миллион сомго чыгаруу; 5 чакан ГЭСтин, 2 күн электр станциясынын жана 2 шамал электр станциясынын курулуш иштерин баштоо; айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүмүн 30 миллиард 492,1 миллион сомго жеткирүү; ветеринария жана ирригация тармагында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу; мөмө-жемиш кластерин түзүү менен 100 гектар аянтка малина, карагат, чычырканак айдоо; Жумгал районундагы Түгөл-Сай өзөнүнө БСР жана Кочкор районундагы Шамшы БДРинин курулуш иштерин улантуу; айыл чарба жерлерин кошумча өздөштүрүү максатында мамлекет тарабынан өзү агып чыгуучу “Куланак” каналын куруу иштерин жүргүзүү; Курулуш тармагында 15 социалдык обьекттерди пайдаланууга берүү; 12 таза суу системаларынын курулуш иштерин аяктоо; Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу; Социалдык тармакта: Билим берүү: ЖРТнын жыйынтыгын 65,0% чыгаруу; Саламаттык сактоо багытында реформа жасоо, дарыгерлердин жетишсиздигин 50% кыскартуу; маданият тармагын реформалоо; Туризм тармагын өнүктүрүү (глемпинг, рест поинтерди куруу); Экология тармагында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу жана көзөмөлдү күчөтүү иштери колго алынаарын маалымдады.
Коллегиянын отурумунда Нарын облусунун негизги тармактарындагы аткарылган иштер, кетирилген кемчиликтер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Адыл Сапаров жана Нурбек Сатаров маалымат беришти. Анын негизинде тармактардагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, милдеттер белгиленди.
Жыйында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын реформалар, санариптик өнүктурүү жана креативдик экономика башкармалыгынын башчысы Шабдан Абдырайым уулу тарабынан “Нарын – Реновация” креативдүү долбоору презентацияланды.
Коллегиянын отурумунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын экономика тармагындагы жетишкендиктерге токтолуу менен бирге Нарын облусу мал киндиктүү, айыл чарба багытындагы регион болгондуктан суу ресурстары, үрөнчүлүк, кайра иштетүү жана экспорт багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын, быйыл ветеринария жана ирригация тармагында реформа жасалып, ветеринария кызматы жана суу чарба каналдарын мамлекет тарабынан тейлөөгө алуу жагы ишке ашырылаарын белгиледи.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Бакыт Төрөбаевге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарындагы бөлүмүнүн алдындагы бир кезде жоюлуп кеткен Көчмө механизациялаштырылган отрядды кайра түзүп берүү; “Соң-Көл балык” мамлекеттик ишканасын ачууга жана ветеринария, ирригация системасын реформалоого колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев облус жетекчиси көтөргөн демилгелер колдоого алынаарын билдирди.
Жыйындын соңунда токтом кабыл алынып, алдыга милдеттер белгиленди.
Ошондой эле жыл ичинде пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү салымын кошкон кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Связанный пост