Саясат

Президент КР жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Анын ичинен 1270 адамды (анын ичинен 1032си чоңдор, 238и балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө үч Жарлык бар, алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Президенттин […]Читать далее

Саясат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге […]Читать далее

Коом

Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу бир саатка жабылат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20 жана 21-июль күндөрү Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өтөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган иш-чараны өткөрүү учурунда Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамдарга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Унааларга 21-июль күнү саат 9:00дөн 10:00гө чейин толук чектөөлөр киргизилет. Жол делегациянын өтүү маалында гана жабылып, жол […]Читать далее

Медицина

COVID-19: Бишкекте 62 эмдөө пункту иш алып барууда

 Бишкек мэриясы шаар аймагында COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн 62 эмдөө пункту иштеп жаткандыгын эскертет. Муниципалитеттен белгилешкендей, бүгүнкү күндө каалоочулар аталган бардык убактылуу эмдөө пункттарында SinoPfarm вакцинасы менен эмделе алышат: 1. №4 ҮМБ (Ибраимов көч., 181); 2. №4 ҮМБ(Токтогул көч. 62 филиалы); 3. №2 ҮМБ №35 ҮДТ (Чоң-Арык айылы, Семетей көч., 152); 4. Темир жол […]Читать далее

Коом

ӨКМ: Талас дарыясынан бир туугандардын сөөгү табылды

Талас дарыясынан бир туугандардын сөөгү табылды, – деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын 18 жаштагы У.Э., (эркек) жана 16 жаштагы У.К., (кыз) аттуу тургундары дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу “102” кызматына билдирүү түшкөн. Маалымат түшкөн күнү милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн жерине ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган. […]Читать далее

Саясат

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйыны өттү

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым […]Читать далее

Коом Экономика

Оштогу “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери 90%га аяктады

 Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов баштаган шаардык комиссия “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө ремонттун сапатына жана ишти аяктоо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду. Учурда “Бакыт үйүнүн” айланасын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын ички көрүнүшүн оңдоо жүргүзүлүүдө. Ж.Азимов бардык иштерди июль айынын аягына чейин […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри  Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты. Эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз […]Читать далее

Экономика

Финансы министри бюджетке канча каражат түшкөнү жана ал кайда жумшалганы

Финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкекте өтүп жаткан брифингде бюджет канча киреше тапкандыгы жана каражат кайда жумшалгандыгы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджетти, ошондой эле Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин же консолидацияланган бюджетти камтыган мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстарынын пландык көрсөткүчтөрү 188 млрд сомго, ал эми анын аткарылышы 190 млрд […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу боюнча www.stat.salyk.kg ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди. Stat.salyk.kg жарандарга салыктык башкаруудагы актуалдуу маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет. Анда учурдагы мезгил үчүн маалыматтар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарыяланган. Бул коомчулукка Салык кызматынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берет. Stat.salyk.kg порталы Салык кызматы канча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде киреше салыгын, […]Читать далее