Жалал-Абадда Хизбут Тахрир партиясынын активдүү мүчөлөрү болгон чет өлкөнүн жарандары аныкталды

 Жалал-Абадда Хизбут Тахрир партиясынын активдүү мүчөлөрү болгон чет өлкөнүн жарандары аныкталды
Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында чет өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу жана жайылтуу иштерин активдүү жүргүзүп жатышат деген маалымат алынган. Алынган маалыматтар Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш иштеринин негизинде берилген тергөө тапшырмасы боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Анда экстремисттик материалдарды таратып жаткан атуулдар Өзбекстан Республикасынын жарандары экендиги такталган. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү, атасы 1967-ж.т. Э.Т., аялы 1976-ж.т. Э.З. жана алардын баласы 1994-ж.т. У.А. болушкан. Бул үй-бүлө мүчөлөрү 2006-жылдары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз жолдор менен бузуп өтүшүп, качып келишкени такталган.
Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан экстремизм багыты боюнча Э.Т.га издөө жарыялангандыктан үй-бүлөсү менен качып, Кара-Суу районунун аймагына өтүп келишкен. Кийин “Хизбут Тахрир” партиясынын активдүү мүчөлөрү менен байланышта болуп, алардын жамаатына кошулуп, өз ишмердүүлүктөрүн Кара-Суу районунун жана Жалал-Абад областынын аймагында улантып, ар кайсы жерлерде сабактарды уюштуруп өтүп келген. Мындан сырткары ал интернет тармагын да жакшы өздөштүрүп фейсбук, одноклассники, телеграм, ватсап, инстаграм социалдык баракчаларына фейк аккаунттар аркылуу экстремисттик материалдарды даярдап, жайылтып келген. Э.Т. ден-соолугу жакшы болбогондуктан 2021-жылы каза болгон.
Андан кийин “Хизбут-Тахрир” партиясынын ишмердүүлүгүн аялы Э.З. жана баласы У.А. улантып келишкен. 2022-жылдын 7-октябрь күнү Жалал-Абад шаардык тергөө сотунун берген уруксат токтомдорунун негизинде жогорудагы жарандардын ижарада жашаган үйү жана кийим-кече сатуучу контейнерине тинтүү жүргүзүлүп, 3 уюлдук телефон, 41 экстремизм багытындагы материалдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бул материал Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Связанный пост