“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тогуз айда 271 миң жүргүнчү ташыган

 “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тогуз айда 271 миң жүргүнчү ташыган
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча калктын керектөөлөрүн канааттандыруу болуп саналат. 2022-жылдын 9 ай ичинде жалпысынан 271 461 жүргүнчү ташылган, анын ичинен 73 851 жүргүнчү – эл аралык каттамдар менен, 197 610 жүргүнчү – ички каттамдар менен ташылган.
Эл аралык каттамдар ушул жылдын 6-июнунан тарта кайрадан жанданып, июнь айынан сентябрга чейин жалпысынан 73 851 жүргүнчү ташылган:
1. №17/18 Бишкек-Самара каттамы боюнча 27 644 жүргүнчүнү ташылган, жумасына эки жолу каттайт.
2. №305/306 Бишкек-Казан каттамы боюнча 25674 жүргүнчү ташылган, жумасына бир жолу каттайт;
3. №385/386 Бишкек-Новосибирск каттамы боюнча 20533 жүргүнчү ташылган, 8 күндө бир жолу каттайт.
Ал эми өлкө ичинде жалпысынан 197 610 жүргүнчү ташылган:
1. Шаар четиндеги № 6050/6051 “Бишкек-1 – Токмок” багыты боюнча 55 002 жүргүнчү, күнүгө каттайт;
2. Шаар четиндеги №6063/6064 “Бишкек-2-Кайыңды” багыты боюнча 123 424 жүргүнчү, күнүгө каттайт;
3. № 608/609 “Бишкек-2 – Рыбачье” багыты боюнча жалпысынан 19 184 жүргүнчү, анын ичинен 917 жүргүнчү модернизацияланган вагон менен ташылан.

Связанный пост