Бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

 Бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
Майрамдын урматына Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында майрамдык иш-чара уюштурулуп, ага мурдагы маданият министрлери, эл артисттер, ошондой эле маданияттын ар тармагында (билим берүү берүү, оюн-зоок мекемелеринде, маданият клубдарда, массалык маалымат кызматтарында, театр, музей, китепкана) эмгектенген кызматкерлер чакырылды.
Маданият кызматкерлерине жана өнөрпоздорго мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов куттук сөзүн айтышып, улуттук баалуулуктарды сактоодо маданияттын кызматкерлеринин орду чоң экенин баса белгилешип, элибиздин кылымдар бою чогулткан маданий мурасын кеңири жайылтуу менен калкыбызды жаратман эмгекке, адилеттүүлүккө жана руханий тазалыкка багыттай беришин, маанайлары бугүн гана эмес бардык учурда майрамдагыдай болушун каалап өтүштү.
Андан соң келген меймандарга чон программадагы концерт тартууланды.

Связанный пост