2023-жылы Ноокат токой чарбасынын аймагына 90 гектар көчөт отургузулат

 2023-жылы Ноокат токой чарбасынын аймагына 90 гектар көчөт отургузулат
Токойлорду сактоо жана коруу, пайдаланууну жөнгө салуу максатында үстүбүздөгү жылы Ноокат токой чарбасынын 25 гектар аянтына көчөт отургузулса, 2023-жылы 90 гектарга көчөт отургузуу пландалууда. Бүгүнкү күндө токой чарбада 500 даана кайың жана 500 даана ийне жалбыратуу көчөттөрдү отургузуу иштери кызуу жүрүүдө. Ошондой эле, Ноокат токой чарбасынын аймагында арча дарактарын көбөйтүү максатында 50 кг арча үрөнү жыйналып, Абшыр-Ата токойчулугуна караштуу Гезарт бөлүмүнө арча үрөнүн себүү иштери башталды. Мындан сырткары Ноокат токой чарбасынын административдик имаратынын алдына узундугу 10 метр, туурасы 2,5 метр болгон биогумус өндүрүү үчүн атайын чуңкур даярдалууда.

Связанный пост