Киберспортчу Бакыт Эмилжанов Бишкекке келди

 Киберспортчу Бакыт Эмилжанов Бишкекке келди
1-ноябрь күнү Dota 2 видео оюну боюнча “Team Secret” киберспорт командасынын курамында ойногон Кыргызстандык Бакыт Эмилжанов Бишкекке келди.
Кирберспортчуну «Кордай» кыргыз-казак бажы постунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Аскар Мадаминов, Киберспорт федерациясынын президенти Руслан Атеев, спортчунун достору жана күйөрмандары тосуп алышты.
Бакыт Эмилжанов Dota 2 видео оюну боюнча “Team Secret” киберспорту боюнча (Zayac) дүйнөлүк ири The International 11 турниринде командасы менен экинчи орунду ээлеген.
Турнирдин жеңүүчүлөрү 8,4 млн АКШ долларын, ал эми “Team Secret” командасы 2,4 млн доллар байгеге ээ болду.
Белгилей кетсек, киберспорт боюнча ири масштабдагы The International турниринин финалдык оюну 30-октябрда Сингапурда өттү.

Связанный пост