Чүйдө браконьерлер кармалды

 Чүйдө браконьерлер кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик инспекторлору тарабынан рейдтик иш чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы Чоң Чүй каналында синтетикалык тор менен мыйзамсыз балык уулоо жүргүзүп жаткан жарандар кармалышты.

Текшерүү учурунда 700 метр синтетикалык балык уулоочу тор табылган.

Инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 267-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, тартип бузгандардын ар бирине 5 500 сомдон айып салынды.

Связанный пост