Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандын жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы жана паспорт системасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын экенин айткан Бакыт Төрөбаев, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун негизги процесстерин автоматташтырган маалыматтык системалар иштин динамикасына […]Читать далее
Бүгүн, 23-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетине барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач мекеменин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Анын ичинен Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын камтыган китепче ай сайын чыгарылып турары айтылды. Комитеттин жамааты менен жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоодо жана көйгөйлөр менен жетишкендиктерди […]Читать далее
Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды. Жолугушууда ТүркПАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ассамблея алкагында парламенттер аралык алаканы арттыруу тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев быйыл Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму ийгиликтүү өткөнүн эске салып: “Анда кабыл алынган бардык […]Читать далее
Бишкек шаарындагы мектептерде онлайн окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында борбор калаада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгынан улам кабыл алынды. Ал эми аймактардагы мектептердин онлайн түрүндөгү […]Читать далее
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы (U-23) Дакка шаарында (Бангладеш) өтүп жаткан зоналдык Азия чемпионатында биринчи оюнун жеңиш менен баштады. Курама команда Шри-Ланканын курама командасы менен беттешип, 3:1 эсебине жеңди. Командалар жалпы 4 партия ойноду: 1-партия 25:21 2-партия 25:22 3-партия 22:25 4-париия 25:18 Ошондой эле, Кыргызстандын курама комадасынын капитаны Жантемир Жээнбек уулу беттештин мыкты оюнчусу […]Читать далее
Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Текшерүүдө, 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан […]Читать далее
Ушул жылдын башынан бери ишкерлер жүгүртүү суммасы 1 трлн 504,4 млрд сомго 9,2 млн ашык электрондук эсеп-фактура тариздешкен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жалпысынан ЭЭФ киргизилгенден бери – 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишкерлер тарабынан 3,1 трлн сомго 19,1 млн электрондук эсеп-фактура жазып берилген. ЭЭФти жыл ичинде 12 миң 772ге көбөйүп, бүгүнкү күндө […]Читать далее
Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курама командасы 8-14-декабрь күндөрү АКШда өткөн Pittsburgh Ice Arena Cup эл аралык турниринде 1-орунду ээледи. Мындан сырткары курама команда НХЛ клубунун мыкты чабуулчусу Евгений Малкин менен жолукту. Белгилей кетсек, АКШдагы Хоккей академиясына Умар Нажимидинов (Кыргызстан), Нурсултан Темурбеков (Кыргызстан), Рамазан Абкеримов (Казакстан) жана Ратмир Абкеримов (Казакстан) кабыл алынып, окуп жатышат.Читать далее
КР министрлер кабинети жана Улуттук банк тарабынан бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Аталган чечим Кыргыззстанда накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, […]Читать далее
Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган “Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу” аталышындагы конференцияга катышты. Конференциянын алкагында Төрага Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.Читать далее