Нурланбек Шакиевке “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды

 Нурланбек Шакиевке “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган “Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу” аталышындагы конференцияга катышты.

Конференциянын алкагында Төрага Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Связанный пост