Саясат

Индия элчиси КР ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

 Бүгүн, 29-августта Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Министр Ж.Кулубаев Индиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы чыңдоо үчүн жемиштүү иш алып барууну каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө […]Читать далее

Спорт

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар боюнча эки

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар (жер улак) боюнча эки курама команда катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки курама команда учурда Чолпон-Атада машыгууларын өткөрүүдө. “Түркиядагы мелдешке көк бөрү боюнча курама команда кызыл түстө, көкпар боюнча курама команда көк түстөгү формада күчүн сынайт. Жакынкы аралыкта улакчыларга экинчи […]Читать далее

Экономика

Министрлер кабинети Теңгиз Бөлтүрүккө эки жума ичинде Кумтөр боюнча отчет

Министрлер кабинети “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине жана Теңгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр Голд Компани” ЖАКында тышкы башкаруу учурунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту эки жума ичинде берүүнү тапшырды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эскерте кетсек, өткөн аптада Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышкан. Анда Акылбек Жапаров кеңешме […]Читать далее

Коом

Эгемендүүлүккө 31 жыл. 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосу министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өттү. Ведомстводон билдиргендей, саптык кароо 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. “Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби […]Читать далее

Коом

Бишкектен Исламабад шаарына туруктуу авиакаттам ачылды

2022-жылдын 27-августунан тарта Бишкек-Исламабад-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Каттамды жумасына бир жолу – ишемби күндөрү – ата мекендик “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы аткарат. Белгилей кетсек, аталган багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат.Читать далее

Дүйнөдө

Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги “Анадолу күндөрү” аттуу фестивалга катышууда

Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги 26-августтан 6-сентябрга чейин боло турган Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети тарабынан уюштурулган “Анадолу күндөрү” аттуу 24-Эл аралык маданият жана искусство фестивалына катышууда. Салттуу фестивалга катышуу үчүн, Элчилик Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кооз жаратылышын чагылдырган фотосүрөттөр, «Манас» эпосунан фотокомпозициялар, элибиздин салттуу турмушун чагылдырган түрдүү буюмдар жана улуттук тамак-аштар коюлган көргөзмө павильонун ачты. Ошондой […]Читать далее

Спорт

Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

 WBA версиясында бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чара мекеме-ишканалардын, шаардык кызматтардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктардын, бокс күйөрмандарынын катышуусунда өттү. Ардактуу наамды Дмитрий Биволго шаар мэри Урматбек Самаев жана шаардык кеңештин төрагсы Т.Сансызбаев тапшырды. Өз кезегинде, Дмитрий Бивол Токмок шаарында […]Читать далее

Спорт

Бишкекте “Ден соолук менден башталат!” ураанынын астында веложүрүш өттү

28-августта Бишкек шаарында Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруунун алкагында эгемендүүлүк күнүнө жана “Ден соолук менден башталат!” деген ураандын астында веложүрүш өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, веложүрүш Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, толеранттуулукту жогорулатууга, көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө арналды. Иш-чарага министрлер кабинетинин орун басары Эдиль […]Читать далее

Коом

Оштун вице-мэри социалдык объектилердин курулушунан кабар алды

 Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов социалдык объектилердин курулушунан кабар алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Курманжан-Датка МАБынын 222-223-кварталындагы спорт залы бар 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Учурда имараттын ички иштери бүткөрүлүп, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Ж.Азимов мектептин ички жасалгалоо процессин тездетип, ишти бекитилген графикке ылайык аткарып, жумуштун сапатына өзгөчө […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Имам Сарахси” илимий конференциясына катышты

КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Ош шаарында Имам Сарахсиге арналган илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекеттик катчы бул конференциянын маанисин жана аалым Сарахсийдин ислам укук таануучусу катары чоң ролун белгиледи. Сүйүнбек Касмамбетов даанышмандыгы жана илими менен Борбор Азияга атагы чыккан имамдын өмүр жолуна токтолду. Тактап айтканда, анын Өзгөн зынданында 15 жыл түрмөдө жатып жазган […]Читать далее