Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

 Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

 WBA версиясында бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чара мекеме-ишканалардын, шаардык кызматтардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктардын, бокс күйөрмандарынын катышуусунда өттү.

Ардактуу наамды Дмитрий Биволго шаар мэри Урматбек Самаев жана шаардык кеңештин төрагсы Т.Сансызбаев тапшырды.

Өз кезегинде, Дмитрий Бивол Токмок шаарында туулуп-өскөндүгүнө сыймыктанарын айтты. “Рахмат, менин мекенимде сүйүктүү ишимде жетишкен натыйжалар ушунчалык жогору бааланганына кубанычтамын”, – деди чемпион.

Андан соң, ал мурда өзү машыккан Жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебиндеги бокс залына барып, келечектеги жаш спортчулар менен жолугушту.

Связанный пост