Бишкекте “Ден соолук менден башталат!” ураанынын астында веложүрүш өттү

 Бишкекте “Ден соолук менден башталат!” ураанынын астында веложүрүш өттү

28-августта Бишкек шаарында Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруунун алкагында эгемендүүлүк күнүнө жана “Ден соолук менден башталат!” деген ураандын астында веложүрүш өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, веложүрүш Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, толеранттуулукту жогорулатууга, көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө арналды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстан калкы ассамблеясынын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле велоспорт сүйүүчүлөрү жана ден соолукту чыңдоочу бардык каалоочулар болуп жалпысынан миңден ашык адам катышты.

Веложүрүш Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп, КР президентинин администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстан калкы ассамблеясынын, “Вело friends позитив kg” коомдук бирикмесинин жана “Золотые колеса” велоклубунун колдоосунда, БУУнун Өнүктүрүү программасы, “Тынчтык жана өнүгүү институту” коомдук бирикмеси, ошондой эле “Шоро” компаниясы менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

Веложүрүштүн катышуучуларын марага жеткенде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов жана президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы А. Исанов жана оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдер куттукташты.

Эдиль Байсалов өз сөзүндө биримдикти чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо Кыргыз жараны деп өзүн таануунун улутту калыптандырууну камсыз кылуунун маанилүү шарттарынан болуп саналарын билдирди. Ал эми Азамат Жаманкулов Кыргыз жараны – бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Конституцияга ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны экендигин айтты.

Иш-чара өнөктөштөргө ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана концерттик программа, флешмоб менен жыйынтыкталды.

Веложүрүштүн катышуучулары Кыргыз жараны деп өзүн таанууну илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча көптөгөн позитивдүү эмоцияларга ээ болуп, пикирлеш адамдар менен чогуу убакыт өткөрүштү.

Связанный пост