Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата мекендештердин спорттук командаларынын катышуусунда, футбол жана волейбол оюндары боюнча мелдештер болуп өттү. Мелдештер Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, Свердлов облустук «Кыргызстан-Урал» жана Бүткүл россиялык «Кыргыз конгресси» аймактык коомдук уюмдары менен биргеликте уюштурулду. Башкы консул Руслан Бийбосунов мелдештердин катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, […]Читать далее
№35 жалпы билим берүү мектебинде спортзал ачылды Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусунда спорт залынын ачылыш аземи болуп өттү. Имараттын жалпы аянты 933 чачы метрди түзүп, спорт зал эки блоктон: спорт зал менен жанаша жайгашкан жай жана азыркы турган мектеп менен залды бириктирүүчү жалпы тамбурдан турат. […]Читать далее
Калаа башчысы Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти мырза менен жолугушту. Жолугушууда мэр Катар мамлекети менен достук мамилени өнүктүрүү жана чыңдоо Бишкек шаарынын мэриясы үчүн өзгөчө шаарлар аралык деңгээлде маанилүү экенин белгиледи. […]Читать далее
7-сентябрда Аламүдүн-1 кичи районунда суу өчүрүлөт “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 7-сентябрда саат 10.00дөн 16.00гө чейин борбор калаанын Аламүдүн-1 кичи районуна таза суу берүү токтотулат. Муздак сууну убактылуу өчүрүү күчөтүүчү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу. Суу төмөнкү даректерде болбойт: №51 бала бакча, Б.Ельцин атындагы №31/5 медициналык борбор, №16, 17, 18, 19, 20, 21, 37, 38, 39, […]Читать далее
5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты жигердендирүү, КЭРдин Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча пикир алмашты. Министр Ж.Кулубаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашыруунун практикалык чараларынын маанилүүлүгүн, жолдун келечегин […]Читать далее
Фучик атындагы сейил багында жаңы балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана «Ротари Клуб Бишкек» коомдук бирикмесинин делегация мүчөлөрү жана шаардыктар катышты. Мэриядан белгилешкендей, балдар аянтчасы «Ротари Клуб Бишкек» коомдук бирикмесинин колдоосу менен курулган. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча билдирүү калтырды. “Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти. Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган […]Читать далее
15-17-сентябрда Ош шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча 10-өкмөттөр аралык Беларус-Кыргыз комиссиясынын жыйыны, бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрияда аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтүп, анын алкагында тиешелүү кызматтарга иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди. Беларусь делегациясынын башында Беларусь […]Читать далее
«Чалдыбар-унаажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражаты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Тактап айтканда, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 24-августунда Кыргызстандан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган. Аныкталгандай, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында 211 миң куту өлчөмүндөгү тамеки буюмдары тоңдурулган тамак-аштын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөнүн кесепетинен адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. “Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясында жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгону жана жаракат алганы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына […]Читать далее