Ошто бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт

 Ошто бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт

15-17-сентябрда Ош шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча 10-өкмөттөр аралык Беларус-Кыргыз комиссиясынын жыйыны, бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрияда аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтүп, анын алкагында тиешелүү кызматтарга иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Беларусь делегациясынын башында Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары А. Сивактын келиши күтүлүүдө. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Беларусь-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлат.

Ошондой эле шаардын ири өнөр жай ишканаларына барып, анын ичинде “Кыргыз унаа курулуш” заводу менен таанышуу болот.

Связанный пост