Бишкек шаарынын мэри Катардын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту

 Бишкек шаарынын мэри Катардын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту

Калаа башчысы Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти мырза менен жолугушту.

Жолугушууда мэр Катар мамлекети менен достук мамилени өнүктүрүү жана чыңдоо Бишкек шаарынын мэриясы үчүн өзгөчө шаарлар аралык деңгээлде маанилүү экенин белгиледи.

Андан ары жолугушуунун катышуучулары Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кошумча имаратынын курулушун талкуулашты. Мэр Элчиге Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 360 орундуу долбоор иштелип чыкканын маалымдады.

Маалымдама: 2014-жылы Доха шаарында Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Связанный пост