Сычуань провинциясындагы жер титирөө. Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

 Сычуань провинциясындагы жер титирөө. Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөнүн кесепетинен адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясында жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгону жана жаракат алганы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.

Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост