Тамеки буюмдарынын партиясын мыйзамсыз экспорттоо аракетине бөгөт коюлду

 Тамеки буюмдарынын партиясын мыйзамсыз экспорттоо аракетине бөгөт коюлду

«Чалдыбар-унаажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражаты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 24-августунда Кыргызстандан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.

Аныкталгандай, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында 211 миң куту өлчөмүндөгү тамеки буюмдары тоңдурулган тамак-аштын арасына бекитилип, тиешелүү уруксат документтери жок ташылып келген.

Маалыматтар боюнча, конфискацияланган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми төлөнүүчү салыктын суммасы 9 миллион 495 миң сомду түзгөн.

Учурда акциздик товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз каналды уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост