Фучик сейил багында жаңы балдар аянтчасы ачылды

 Фучик сейил багында жаңы балдар аянтчасы ачылды

Фучик атындагы сейил багында жаңы балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана «Ротари Клуб Бишкек» коомдук бирикмесинин делегация мүчөлөрү жана шаардыктар катышты.

Мэриядан белгилешкендей, балдар аянтчасы «Ротари Клуб Бишкек» коомдук бирикмесинин колдоосу менен курулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө район башчысы Тагаев Бишкек Ротари клубунун жетекчилигине өзгөчө балдар үчүн сыртта эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн кооз жана функционалдык аянт үчүн ыраазычылык билдирди.

Связанный пост