7-сентябрда Аламүдүн-1 кичи районунда суу өчүрүлөт

 7-сентябрда Аламүдүн-1 кичи районунда суу өчүрүлөт

7-сентябрда Аламүдүн-1 кичи районунда суу өчүрүлөт

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 7-сентябрда саат 10.00дөн 16.00гө чейин борбор калаанын Аламүдүн-1 кичи районуна таза суу берүү токтотулат.

Муздак сууну убактылуу өчүрүү күчөтүүчү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу.

Суу төмөнкү даректерде болбойт: №51 бала бакча, Б.Ельцин атындагы №31/5 медициналык борбор, №16, 17, 18, 19, 20, 21, 37, 38, 39, 40, 41, 42 , 43, 86, 91, 92, 93, 94, 95, ошондой эле Загорская көчөсү № 30, 54 даректери.

Связанный пост