Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды. Жолугушуу Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинин алкагында өтүүдө. Владимир Путиндин кыскача сөзүнөн кийин тараптардын жолугушуусу жабык режимде өтмөй болду. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Борбор калаанын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда. Темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Буга чейин да мындай 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат. Контейнерлер жана жардамдар «Дордой» соода борбору, «Бишкек курулуш» компаниясы, «Азия […]Читать далее
Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз […]Читать далее
“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде жана өнөр жайда суу берүү токтотулат. Төмөнкү чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтотулат: – Л.Толстой – Горький көч. (Пригородное айылы) – Алыкулов […]Читать далее
11-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Венгрия ректорлор конференциясынын төрагасы доктор Борхи Ласло жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги башында турган Венгриянын делегациясын кабыл алды. Ошондой эле жолугушууга Венгрия тараптан Венгрия ректорлор конференциясынын башкы катчысы доктор Дубеци Золтан жана ВРКнын эл аралык референти Перьеш Фанни катышты. Тараптар эки […]Читать далее
Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Кадамжай РИИБнин улук ыйгарым укуктуу адамы (участковый) М.Б. кармалды. Аталган милиция кызматкери арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында […]Читать далее
Бүгүн, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Депутат Карим Ханджеза Москва районунун Кепер-Арык айылындагы мектептин жаңы имаратын куруу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү. Ал эми депутат Бакыт Тентишев жыл башында премьер-министр Акылбек Жапаров кытай грантынын эсебинен ОЧК-2 сугат каналын жана Бурулдай […]Читать далее
Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады
«АӨИЧКнын алкагында кыргыз тарап МКТнын коопсуздугу жана аларды пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча лидерлердин Декларациясынын жоболорун практикалык ишке ашырууга даяр», деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде. Өз сөзүндө мамлекет башчысы технологиялык прогресс санариптик коммуникациянын жаңы чөйрөсүн түзгөнүн, […]Читать далее
«Өлкөбүз климаттын жаратылышка, өзгөчө мөңгүлөргө жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген терс таасирин ооздуктоого жана жумшартууга багытталган жигердүү саясатты жүргүзүп, эл аралык маанилүү демилгелерди көтөрүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде. Мамлекет башчысы белгилегендей, коопсуздук саясатынын дагы бир […]Читать далее
«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча 6-ББнын кызматкерлери менен биргеликте Арка-Маргун унаа жолунда бажы эрежелерин бузуу фактыларына жана контрабандага бөгөт коюга жана аныктоого багытталган бажы контролун жүргүзүүдө, КР жараны «Х.Б.А.» башкаруусунда «Мercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын жүк бөлүгүнөн 428 кутудагы […]Читать далее