Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды

 Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды.

Жолугушуу Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинин алкагында өтүүдө.

Владимир Путиндин кыскача сөзүнөн кийин тараптардын жолугушуусу жабык режимде өтмөй болду.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелер талкуулана тургандыгын кабарлаган.

Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Связанный пост