Баткен областтык прокуратурасы тарабынан 40 миң сом пара алган милиция кызматкери кармалды

 Баткен областтык прокуратурасы тарабынан 40 миң сом пара алган милиция кызматкери кармалды
Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Кадамжай РИИБнин улук ыйгарым укуктуу адамы (участковый) М.Б. кармалды.
Аталган милиция кызматкери арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында М.Б. мурда пара катары алган 40 миң сомдун ичинен 22 миң сом акча каражатын арыздануучуга кайтарып жаткан учурда кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилди.
Кармоо УКМКнын Баткен областтык башкармалыгынын жана Баткен ОИИБнин ИИКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Связанный пост