Астана шаарында АӨИЧК VI саммити өттү

 Астана шаарында АӨИЧК VI саммити өттү

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү.

Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ушул эле күнү Астана шаарында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт.

Ошондой эле эртең, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия+Россия» Мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Связанный пост