Бажы кызматкерлери тарабынан контрабандалык товарлар кармалды

 Бажы кызматкерлери тарабынан контрабандалык товарлар кармалды

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча 6-ББнын кызматкерлери менен биргеликте Арка-Маргун унаа жолунда бажы эрежелерин бузуу фактыларына жана контрабандага бөгөт коюга жана аныктоого багытталган бажы контролун жүргүзүүдө, КР жараны «Х.Б.А.» башкаруусунда «Мercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын жүк бөлүгүнөн 428 кутудагы жаңы терилген жүзүм табылган. Жүктүн жалпы салмагы 2996 кг, баасы 239 680 сомду түзгөн.

Жүк ЕАЭБдин бажы аймагында андан ары сатуу үчүн бажы шарттарында эч кандай товар коштоочу документтери жок болгон. Бул факты боюнча айып салынып, 60 000 сом өндүрүлгөн, 29 361 сом зыяндын орду толтурулган.

Ушундай эле контрабанданы ташып кирүү  фактысы Арка-Маргун автожолунда КР жараны «Т.М.А.»  башкаруусундагы «Мercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган.

Текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 1551 кг, наркы 239 680 сомду түзгөн 251 куту жаңы терилген жүзүм табылган. Факт боюнча 30 000 сом айып өндүрүлүп, 15 203 сом зыяндын орду толтурулган.

245 даана кутучада контрабандалык жүзүм КР жараны «М.А.З.» табылган. Ал «Мercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн.
Товардын жалпы салмагы 1470 кг, баасы 117 600 сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 30 000 сом өндүрүлүп, 14 408 сом зыяндын орду толтурулган.

Связанный пост