18-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат

 18-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат
“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.
Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде жана өнөр жайда суу берүү токтотулат.
Төмөнкү чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтотулат:
– Л.Толстой – Горький көч. (Пригородное айылы) – Алыкулов көч. – Ала-Арча дарыясы;
– анын ичинде: “Аскер шаарчасы”, “Кызыл-Аскер”, 110-квартал конуштары, «Достук» кичи району.
«Батыш» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу токтотулат.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды суу камдап алууну суранат.

Связанный пост