Кыргызстан жана Венгрия ЖОЖдорунун ректорлорунун форумун өткөрүү макулдашылды

 Кыргызстан жана Венгрия ЖОЖдорунун ректорлорунун форумун өткөрүү макулдашылды
 11-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Венгрия ректорлор конференциясынын төрагасы доктор Борхи Ласло жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги башында турган Венгриянын делегациясын кабыл алды.
Ошондой эле жолугушууга Венгрия тараптан Венгрия ректорлор конференциясынын башкы катчысы доктор Дубеци Золтан жана ВРКнын эл аралык референти Перьеш Фанни катышты.
Тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты күчөтүүнү жана 2023-жылдын жазында Кыргыз Республикасында Кыргызстан жана Венгрия ЖОЖдорунун ректорлорунун форумун өткөрүүнү макулдашышты.

Связанный пост