Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. “Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайлангандыгыңыз менен, ошондой эле Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ Бүткүл съездинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Добуш берүүнүн жыйынтыгы Коммунисттик партия жана Кытай Эл Республикасынын эли Сиз жүргүзүп жаткан […]Читать далее
Бүгүн, 24-октябрда Улуттук тарых музейинин имаратында Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. “Урматтуу стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлери, коноктор, кесиптештер, достор! Бүгүн өтүп жаткан салтанаттуу мааракелик иш-чара кесиптик майрамга – Кыргыз […]Читать далее
Математика боюнча республикалык олимпиадалар китебинин авторлору аймактагы мектептерге китеп берди
21-октябрда “Математика боюнча республикалык олимпиадалар. Маселелер жана алардын чыгаруулары” китебинин авторлору өлкөнүн аймактарындагы мектептер үчүн Билим берүү жана илим министрлигине китептерди тапшырды. Жыйнак Кыргыз-Швед математикалык мектеби Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөргөн математика боюнча республикалык олимпиадалардын маселелерине негизделген. Китептер кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептер үчүн басылып чыкты. Китептерди өткөрүп берүү аземине Билим […]Читать далее
Маданият министрлигинин аймактагы кызматкерлери документ жүгүртүүнү автоматташтыруу боюнча окуудан өтүштү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигини буйругуна ылайык, Ош, Жалал- Абад жана Баткен облусундагы министрликке караштуу маданий мекемелердин тиешелүү кызматкерлери документ жүгүртүүнү автоматташтыруу, документтерди электрондук форматка өткөрүү (Infodocs) жана кызматкерлердин бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү («Е -Kyzmat») боюнча окуудан өтүштү. Мындай кадамдар мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну кыскартуу, документ жүгүртүүгө байланыштуу бардык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Чемпионат 15-октябрда Испаниянын Понтеведра шаарында старт алган. Спортчу 57 кг салмак категорияда беттешип, алгач АКШлык, чейрек финалда Монголиялык балбанды жеңген. Жарым финалда Индиялык балбанга жеңилип, коло байге үчүн күрөштө Шри-Ланкалык […]Читать далее
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду. Спортчу 61 кг салмакта күрөшүп, алгач АКШлык балбанды 9:0 эсебинде, Колумбиялык балбанды 11:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалда Түркиялык спортчуну 5:0 эсебинде жеңди. Ал эми финалдык […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаардыктардын үйүнө жана башка объекттерге жылуулук берүүгө даяр. Бул тууралуу “Электр станциялардын” басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жылуулук берүү тууралуу акыркы чечимди мэрия кабыл алат. “Мэр жылуулук берүү тууралуу тиешелүү буйрукка кол коет. Жылуулук сезонунун башталышы абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо аныкталат. Андан кийин […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү. Магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо. “Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, – деп айтылат маалыматта. “Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сон Хюк Санг менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө, Кыргызстандын Корея өкмөтүнөн өнүктүрүү боюнча расмий жардам алуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгенин жана 2022-жылдын […]Читать далее
Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Тоолордун туруктуу өнүгүү экосистемдери: “Азык-түлүк коопсуздугу: тажрыйбалар, жетиштиктер жана перспективалар” темасында Борбордук Азия Форумунун алкагында Социалистик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу, […]Читать далее