Бекзат Алмаз уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди

 Бекзат Алмаз уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.
Чемпионат 15-октябрда Испаниянын Понтеведра шаарында старт алган.
Спортчу 57 кг салмак категорияда беттешип, алгач АКШлык, чейрек финалда Монголиялык балбанды жеңген. Жарым финалда Индиялык балбанга жеңилип, коло байге үчүн күрөштө Шри-Ланкалык балбанды жеңип 3-орунду ээледи.

Связанный пост