Математика боюнча республикалык олимпиадалар китебинин авторлору аймактагы мектептерге китеп берди

 Математика боюнча республикалык олимпиадалар китебинин авторлору аймактагы мектептерге китеп берди
21-октябрда “Математика боюнча республикалык олимпиадалар. Маселелер жана алардын чыгаруулары” китебинин авторлору өлкөнүн аймактарындагы мектептер үчүн Билим берүү жана илим министрлигине китептерди тапшырды.
Жыйнак Кыргыз-Швед математикалык мектеби Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөргөн математика боюнча республикалык олимпиадалардын маселелерине негизделген. Китептер кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептер үчүн басылып чыкты.
Китептерди өткөрүп берүү аземине Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Кыргыз-Швед математикалык мектебинин өнүктүрүү боюнча директору Айдарбек Жоробеков, китептин автордук жамаатынын жетекчиси, БААУнун профессору Сыргак Кыдыралиев катышты.
Катышуучулар быйылкы жылы республикалык олимпиадаларды уюштуруу, математиканы кеңири жайылтуу жана окуучулардын предметтик олимпиадаларга катышууга ынтасын күчөтүү маселелерин талкуулашты. Министр алдыдагы олимпиадада аймактарды максималдуу камтуу маанилүүлүгүн белгиледи. Китептер 6-11-класстардын окуучуларын математикалык мелдештерге даярдоонун сапатын жогорулатууга жардам берет.

Связанный пост