Бишкек ЖЭБ жылуулук берүүгө даяр. Мэриянын чечими керек

 Бишкек ЖЭБ жылуулук берүүгө даяр. Мэриянын чечими керек

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаардыктардын үйүнө жана башка объекттерге жылуулук берүүгө даяр. Бул тууралуу “Электр станциялардын” басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жылуулук берүү тууралуу акыркы чечимди мэрия кабыл алат.

“Мэр жылуулук берүү тууралуу тиешелүү буйрукка кол коет. Жылуулук сезонунун башталышы абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо аныкталат. Андан кийин ЖЭБдин жылуулук-механикалык жабдууларын айландыруу процедурасы башталып, жылуулук абоненттерге бериле баштайт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, объектилерге жылуулук берүү бир нече күнгө уланат. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана буга чейин колдонгон жылуулук энергиясы үчүн карызы жок, кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы тууралуу актысы бар ишканаларга жана мекемелерге берилмекчи.

Связанный пост