Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду

 Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.
Спортчу 61 кг салмакта күрөшүп, алгач АКШлык балбанды 9:0 эсебинде, Колумбиялык балбанды 11:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Түркиялык спортчуну 5:0 эсебинде жеңди. Ал эми финалдык беттеште Армениялык балбандан жеңилип 2-орунду ээледи.

Связанный пост