Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду

 Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Тоолордун туруктуу өнүгүү экосистемдери: “Азык-түлүк коопсуздугу: тажрыйбалар, жетиштиктер жана перспективалар” темасында Борбордук Азия Форумунун алкагында Социалистик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Ага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу, геология илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов, Новосибирск мамлекеттик агрардык университетинин илимий жана эл аралык иштер боюнча проректору, биология илимдеринин доктору, доцент Евгений Камалдинов, Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясынын илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты. Сергей Иванов, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер катышты.

Связанный пост