Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ККП БК башкы катчысы кызматына кайра шайланышы менен куттуктады

 Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ККП БК башкы катчысы кызматына кайра шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады.

“Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайлангандыгыңыз менен, ошондой эле Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ Бүткүл съездинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы Коммунисттик партия жана Кытай Эл Республикасынын эли Сиз жүргүзүп жаткан ички жана тышкы саясатка, ошондой эле Кытайдын туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган курсуңузга жогорку ишенимди көрсөттү.

Соңку жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүп жатат. Биздин мамлекеттердин ортосунда саясий өз ара ишеним бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейип, ынак коңшулук жана достук тереңдеп жатат. Эки өлкө “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында саясий ишенимдин негизинде тыгыз кызматташууда бир катар ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырды, бул биздин элдерге реалдуу пайда алып келүүдө.

Ушул жылдын февраль жана сентябрь айларында Сиз менен Пекинде жана Самаркандда эки жолу жолугушуу өткөрдүк, анын натыйжасында эки тараптуу мамилелердин кеңири тармактарында көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча макулдашууларга жетиштик. Кыргыз-кытай мамилелеринин бүткүл комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен конструктивдүү ишти улантууга даяр экенимди билдирем.
Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишиңизге мындан аркы албан-албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кытай Эл Республик сынын элине бакубатчылык, тынчтык жана өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо катында.

Связанный пост