Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн “Кыргызстан түркүн түстүү, көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты. Жалпысынан көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюулган. Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Жолугушууда Министрлер Кабинетинин башчысы БУУ тутумунун Туруктуу координаторун жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен БУУ агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи. Акылбек Жапаров учурда кыргыз тарап тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо маселесине өзгөчө […]Читать далее
Бишкекте журналист Бактурсун Жоробековду сабап, тоноп кетишти. Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 27-октябрда милицияга аталган факт боюнча Ж.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында кечээ, 26-октябрда Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдар ага карата күч колдонуп, Samsung үлгүсүндөгү телефонун, 3,5 миң сом акчасын тартып алынгандыгын билдирип, аларга […]Читать далее
Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин ДОКтун окуу роталарынын жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Бишкекте жайгашкан жеринде Ата Мекендин алдында ант берүү салтанаттуу аземинен кийин, Чүй облусунун Молдовановка (№ 1 мекеменин жанында) жана Беловодское (№ 16 мекеменин жанында) айылдарында, ошондой эле башка жерлерде жайгашкан ДОКтун окуу роталарынын жоокерлеринин аскердик ант […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан бир катар мамлекеттердин акыйкатчылары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрлер кабинетинин башчысы жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелеринде акыйкатчы институтунун ишинин маанилүүлүгүн жана баалуулугун белгиледи. «Акыйкатчы […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун үчүнчү айлампасын жарыялайт. Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 27-октябрынан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт: Жалал-Абад облусу – konkurs3.ja.2022@gmail.com Ысык-Көл облусу – konkurs3.ik.2022@gmail.com Нарын облусу – konkurs3.naryn.2022@gmail.com Ош облусу – konkurs3.osh.2022@gmail.com Талас облусу – konkurs3.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды. Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине […]Читать далее
“Кызыл-Аскер” конушунун Сельсовецкая көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 кабаттуу, жер төлөсү менен кошумча имарат курулууда. Жаңы имарат 150 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 чарчы метрди түзөт. Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот. Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган. Кошумча […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын Ички аудит бөлүмү “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасына ички аудит жүргүзүп, жыйытыгында жалпы суммасы 139 млн 589 миң 700 сомдук мыйзам бузуулар жана кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Анын ичинен: – эмгек акыны негизсиз төлөп берүү, ошондой эле “өлүк жандар” жана штаттык бирдиктерди негизсиз көбөйтүү менен ишкананын бюджетине 95 млн 604 […]Читать далее
26-октябрда Талас шаарында Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Эскерүү иш чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Талас облусундагы Баткен коогалаңынын ардагерлери жана Баткен окуясында каза болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышты. Алгач Баткен окуясында каза болгон 4 жоокердин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Эскерүү иш чарасынын […]Читать далее