Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

 Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды.

Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Связанный пост