“Бишкекжарык” ишканасында дээрлик 140 млн сомдук мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталды

 “Бишкекжарык” ишканасында дээрлик 140 млн сомдук мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын Ички аудит бөлүмү “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасына ички аудит жүргүзүп, жыйытыгында жалпы суммасы 139 млн 589 миң 700 сомдук мыйзам бузуулар жана кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Анын ичинен:
– эмгек акыны негизсиз төлөп берүү, ошондой эле “өлүк жандар” жана штаттык бирдиктерди негизсиз көбөйтүү менен ишкананын бюджетине 95 млн 604 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген;

– мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 6 млн 432 миң 900 сом суммасындагы бузуулар, анын ичинен 1 млн 114 миң сому жасалма түзүлгөн келишимдерден келтирилген зыяндар;

– 27 млн 870 миң 400 сом өлчөмүндө адистештирилген жабдууларды ижарага берүү үчүн каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу;

– берүүчүлөрдүн ишканага жашырылган дебитордук карызы 5 млн 642 миң 800 сом;

– кассалык операцияларды жүргүзүү, эсептик каражаттардын жана негизги каражаттардын жетишсиздиги бөлүмү боюнча 3 млн 916 миң 100 сом суммасында.

Белгиленгендей, текшерүүдөн өткөн мезгилде биринчи кол коюу укугу менен «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары – ишкананын директорлору болуп төмөнкүлөр эмгектенген:

– 01.07.2019-жылдан 09.08.2020-жылга чейинки мезгилде – Абдылдаев А.А.;
– 08.09.2020-жылдан 11.04.2020-жылга чейинки мезгилде – Чодонов А.К.;
– 04.11.2020-жылдан 29.10.2021-жылга чейинки мезгилде – Абдылдаев А.А.;
– 2021-жылдын 29-октябрынан 2022-жылдын 13-сентябрына чейинки мезгилде Чодонов А.К.

Экинчи кол коюу укугу менен ишкананын башкы бухгалтерлери төмөнкүлөр:

– 02.05.2017-жылдан 29.07.2020-жылга чейинки мезгилде – Абдразакова З.М.;
– 29.07.2020-жылдан 11.01.2021-жылга чейинки мезгилде, Жолдошева А.К.;
– 11.01.2021-жылдан 30.09.2022-жылга чейинки мезгилде Жангараева А.Б.;
– 2022-жылдын 30-сентябрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Жумалиева А.Д.

“Бишкекжарык” МИнин айрым кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн ички аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост