Бишкекте журналистти сабап, тоноп кетишкен

 Бишкекте журналистти сабап, тоноп кетишкен

Бишкекте журналист Бактурсун Жоробековду сабап, тоноп кетишти.

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 27-октябрда милицияга аталган факт боюнча Ж.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында кечээ, 26-октябрда Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдар ага карата күч колдонуп, Samsung үлгүсүндөгү телефонун, 3,5 миң сом акчасын тартып алынгандыгын билдирип, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Связанный пост