№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жаңы имарат курулууда

 №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жаңы имарат курулууда
“Кызыл-Аскер” конушунун Сельсовецкая көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 кабаттуу, жер төлөсү менен кошумча имарат курулууда.
Жаңы имарат 150 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 чарчы метрди түзөт. Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот.
Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган. Кошумча имарат куруу үчүн «Нак Строй» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Связанный пост