Акылбек Жапаров жана БУУ Тутумунун туруктуу координатору климаттык күн тартиптин маселелерин талкуулады

 Акылбек Жапаров жана БУУ Тутумунун туруктуу координатору климаттык күн тартиптин маселелерин талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Жолугушууда Министрлер Кабинетинин башчысы БУУ тутумунун Туруктуу координаторун жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен БУУ агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

Акылбек Жапаров учурда кыргыз тарап тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын, ага байланыштуу 2022-жыл «Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы» катары жарыяланганын баса белгиледи.

Өз кезегинде БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве Кыргыз Республикасынын уюмга мүчө болушунун 30 жылдыгы менен куттуктап, бул маанилүү датаны эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн символу катары белгиледи.

Антье Граве кыргыз тарапты Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун кызматташтыктын ар тараптуу багыттары боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине ишендирип кетти.

Связанный пост