Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

 Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн  көргөзмөсү ачылды
Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн “Кыргызстан түркүн түстүү, көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты. Жалпысынан көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюулган. Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, алардын көз жоосун алууда.
Учурда Улуттук музей жетекчилиги көргөзмөнү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин калтыруу сунушу менен чыгууда. Мындай кадамдар, аталган көргөзмөгө кызыгып келген жарандардын көп болгонудугу менен негизделүүдө.

Связанный пост