Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында 25-30-октябрь күндөрү көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти. Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өттү. Жаштар арасындагы оюндун финалында Чүй жана Нарындын командасын 7-0 эсебинде утса, чоңдор арасында Талас жана Чүйдүн курамасын 7-5 эсебинде жеңди. Чемпионаттын жыйынтыгы: Чоңдор арасында: 1-орун – Талас; 2-орун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Тажикстан Республикасы тарабынан куралдуу агрессиясынын кесепетинен Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Ал Баткен облусу Мамлекет башчынын жана Министрлер Кабинетинин көңүл борборунда экендигин белгиледи. «Бардык зарыл болгон чечимдер ыкчам тартипте […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Капчыгай, Самаркандек жана Достук айылдарында болду. Ал Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынын натыйжасында жапа чеккен турак-жай имараттарынын жана социалдык объектилердин курулушун көзөмөлдөдү. Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүнүн, үйлөрдү жылуулук жана ыңгайлуу жашоо үчүн башка зарыл шарттар менен камсыз кылуунун […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду. Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин […]Читать далее
2022-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын аймагында (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды. Белгилесек, өзгөчө кырдаал режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы […]Читать далее
Бүгүн, 28-октябрда Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызмты билдиргендей, КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик Өзбек тили жана адабияты университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Шухрат Сирожиддиновго […]Читать далее
Бүгүн, 28-октябрда Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 54-пленардык отуруму өттү. Иш-чарага Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы катышты. Отурумду КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын башчылары, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана ардактуу коноктор сөз сүйлөштү. […]Читать далее
1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында уюштурулган динамиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Үч күнгө созулган мелдешке ИИМден жана аймактардан келген жалпы ондон ашык команда, спорттун ордо, дарте, тогуз коргоол, жеңил атлетика, шахмат, кол күрөш жана стол тенниси боюнча күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык жеңиште биринчи орунду ИИМдин Академиясы ээлеп, командага […]Читать далее
Бишкек шаарында 30-октябрда пара сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Катышуучулар 25, 50 жана 100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү, брасс, такта менен сүзүү жана далы менен сүзүү боюнча жарышышат. Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана пара сууда сүзүү федерациясы тарабынан уюштурулууда. Чемпионат Д.Асанов атындагы аскер лицейинин бассейининде […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директору Султан бин Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуу өткөрүп, анда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Тактап айтканда, Элчи У.Марипов өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого багытталган Фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, КРда маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн сауд тарапка ыраазычылык билдирип, […]Читать далее