Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы КМШ ПААнын пленардык жыйынына катышты

 Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы КМШ ПААнын пленардык жыйынына катышты

Бүгүн, 28-октябрда Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 54-пленардык отуруму өттү.

Иш-чарага Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы катышты.

Отурумду КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын башчылары, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана ардактуу коноктор сөз сүйлөштү.

Кезектеги пленардык жыйындын алкагында Шериктештикке мүчө мамлекеттердеги шайлоо процесстерин мыйзамдык жактан камсыздоо боюнча маалыматтар берилди.

Андан тышкары, шайлоо чөйрөсүндөгү моделдик мыйзамдар жана сунуштар, коопсуздук маселелери, билим берүү, илим жана техника, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство жаатындагы, ошондой эле кызматташуунун башка актуалдуу багыттары боюнча баяндамалар угулду.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Жусупбек Коргонбай уулу, Арсланбек Малиев, Талайбек Масабиров, Искендер Матраимов, Жылдыз Таалайбек кызы бар.

Связанный пост