Таластын көк бөрү боюнча командасы өлкө чемпиону болду

 Таластын көк бөрү боюнча командасы өлкө чемпиону болду

Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында 25-30-октябрь күндөрү көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өттү. Жаштар арасындагы оюндун финалында Чүй жана Нарындын командасын 7-0 эсебинде утса, чоңдор арасында Талас жана Чүйдүн курамасын 7-5 эсебинде жеңди.

Чемпионаттын жыйынтыгы:

Чоңдор арасында:

1-орун – Талас;

2-орун – Чүй;

3-орун – Ош.

Мыкты оюнчу – Кушчубай Илис уулу (Талас);

Мыкты аргымак – Көк-Мончок (Чүй);

Жаштар арасында:

1-орун – Чүй;

2-орун – Нарын;

3-орун – Талас.

Мыкты оюнчу – Калкаман Акбаржан уулу (Чүй);

Мыкты аргымак – Арча-Тору (Нарын).

Связанный пост