Акылбек Жапаров Баткен районундагы үйлөрдүн жана соцобъекттерди курулушу менен таанышты

 Акылбек Жапаров Баткен районундагы үйлөрдүн жана соцобъекттерди курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Капчыгай, Самаркандек жана Достук айылдарында болду.

Ал Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынын натыйжасында жапа чеккен турак-жай имараттарынын жана социалдык объектилердин курулушун көзөмөлдөдү.

Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүнүн, үйлөрдү жылуулук жана ыңгайлуу жашоо үчүн башка зарыл шарттар менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ак-Сай айылында – 275 орундуу мектеп, Капчыгай айылында – 100 орундуу мектеп жана Достук айылында. 100 орундуу жалпы билим берүү мекемеси, фельдшердик-акушердик пункт, 30 орундуу бала бакча курулат. Белгиленгендей, социалдык объектилер Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорунун алкагында курулат.

Министрлер Кабинетинин башчысы мектепти көрүп чыгып, Самаркандек айылындагы курулушу 2023-жылдын жаз айларында жыйынтыктала турган 75 орундуу оорукананын курулушу менен таанышты.

Андан соң Акылбек Жапаров курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Связанный пост