Элчи Улукбек Марипов Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугушту

 Элчи Улукбек Марипов Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директору Султан бин Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуу өткөрүп, анда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Тактап айтканда, Элчи У.Марипов өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого багытталган Фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, КРда маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн сауд тарапка ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда кызматташууну улантууга кыргыз тараптын кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Султан Аль-Маршад ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жасаган жумушчу сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилеп, Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын ортосунда тыгыз байланыштар өнүккөнүн жана Фонд кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин баса белгиледи.

Тараптар биргелешкен иштерди улантууну жана келечекте өлкөнүн социалдык-экономикалык блогун жакшыртууга багытталган бир катар башка долбоорлорду ишке ашырууга макулдашышты.

Связанный пост