Ч. Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгы филология илимдеринин доктору Шухрат Сирожиддиновго ыйгарылды

 Ч. Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгы филология илимдеринин доктору Шухрат Сирожиддиновго ыйгарылды

Бүгүн, 28-октябрда Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызмты билдиргендей, КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик Өзбек тили жана адабияты университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Шухрат Сирожиддиновго Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу сунушун киргизген.

Аземде сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев сунушталган талапкерди Жогорку Кеңеш толук колдой тургандыгын белгилеп: “Залкар жазуучубуздун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленген Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык урматтуу Шухрат Сирожиддиновго адабиятка кошкон зор салымы үчүн ыйгарылып жаткандыгы кубандырат”, – деди.

Муну менен катар сыйлыктын маанисине жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолгон Нурланбек Шакиев: “Биз, кыргыз эли өлкөбүздүн символуна айланган, дүйнөлүк деңгээлдеги улуу талантыбыз Чыңгыз Айтматов менен дайыма сыймыктанабыз”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде, сыйлыктын лауреаты, профессор Шухрат Сирожиддинов ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты алып жатканына сыймыктанганын, анткени ал дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар сыяктуу эле улуу калемгердин күйөрманы экенин белгиледи.

Связанный пост