Бишкекте пара сууда сүзүү боюнча Республикалык чемпионат өтөт

 Бишкекте пара сууда сүзүү боюнча Республикалык чемпионат өтөт
Бишкек шаарында 30-октябрда пара сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Катышуучулар 25, 50 жана 100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү, брасс, такта менен сүзүү жана далы менен сүзүү боюнча жарышышат.
Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана пара сууда сүзүү федерациясы тарабынан уюштурулууда. Чемпионат Д.Асанов атындагы аскер лицейинин бассейининде өтөт.
Дареги: Тыналиев 1
Башталышы: 11:00

Связанный пост