Коом

Чүйдө тартип сакчыларына сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С.Б.Кыдыкеев тапшырды.Читать далее

Билим

Эдил Байсалов Сокулуктагы орто мектептин филиалынын ачылыш аземине катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусунун Сокулук районунун Конуш айылындагы Мамбеталы Жаныбаев атындагы орто мектептин филиалынын ачылыш аземине катышты. Эдил Байсалов кызыл лентаны кесип жатып жаштардын сапаттуу билим алуусу баарынан маанилүү экендигин белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Президентинин бүгүнкү талабы – өлкөнүн келечеги саналган жаш муундар үчүн заманбап мектептерди куруу. Жаңы мектептердин баары тийиштүү […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Королдугунун Премьер-министри кызматына шайланышы менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Королдугунун Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. «Кыргыз Республикасы менен Швеция Королдугунун ортосундагы мамилелер өз ара кызыкчылыкка негизделген бардык тармактарда мындан ары бекемдеп, өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Садыр Жапаров Ульф Кристерссонго чың ден соолук жана мамлекеттик ишине зор ийгиликтерди, ал эми Швеция элине бейпилдик […]Читать далее

Дүйнөдө

Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министри кызматына дайындалышы менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Риши Сунакты Консерваторлор партиясынын жаңы лидери болуп шайланышы жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин Улуу Британиянын Өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Садыр Жапаров Риши Сунакка чың […]Читать далее

Коом

Каракол аэропорту жазда ишке берилет

 30 жылдан ашык убакыт иштебей турган Каракол аэропорту жазда ишке берилет. Учурда аэропортто оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Эл аралык стандарттарга толук жооп берген жаңы аэровокзал комплекси салынат. Эң башкысы учактар конуу тилкеси 400 метрге узарат. Бул каалаган көлөмдөгү учактардын кыйынчылыксыз учуп-конуусуна мүмкүндүк берет. Курулуш иштери 2023-жылдын майында бүтүп, эл аралык каттамдарды кабыл ала баштайт. Бул […]Читать далее

Экономика

Дээрлик 12 млрд сом. Бажы кызматы пландын аз аткарылышынын себебин

2022-жылдын 9 айына карата бажы төлөмдөрдүн түшүү планы 64,8 млрд сом өлчөмүндө деп белгиленген. Бул тууралуу  Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди. Анын айтымында, бажы төлөмдөрдөн 50,4 млрд сом, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алым 14,4 млрд сомду түзмөк. “Иш жүзүндө ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кирешенин суммасы 52,9 млрд сомду түздү. Бажы төлөмдөрдөн 41,6 […]Читать далее

Саясат

Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет

Күн мурун, 2-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Жолугушууда кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды берүү чечими жөнүндө билдирди. Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын […]Читать далее

Медицина

Өлкөдө COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө

Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, министрликтин 2022-жылы 10-октябрдагы №1199 “КР калкынын арасында COVID-19га карата калктын иммунитетин баалоо боюнча изилдөөнүн үчүнчү этабын өткөрүү жөнүндө” жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы менен кызматташуунун алкагында 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин ар кандай курактагы […]Читать далее

Саясат

Депутат Улугбек Ормонов Ереван шаарында ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

Кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди. Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатывалдиев да катышты. Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин депутаттары уюмдун […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясын жетектеди

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүштү. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындай форматтагы жолугушуулар кыргыз-россия күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашырууга кошумча түрткү […]Читать далее